www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына (Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасына) сатусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка таянсак, бирдиктүү реестрге каттоодон  өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык биримдигинин  шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы (ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын 26сы мамлекеттик менчик түрү, ал эми 11 – жеке менчик) кирди.

Бажы биримдигинин Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и сертифиткация боюнча лабораториялар жана органдар Бажы биримдигинин  ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

Буга кошумча, Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости