www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баа берип эмес, өлкөнүн жараны катары оюмду айтайын. Биринчиден Сапар Исаков иштеген жарым жылдай убакыт аз, экинчиден бул аралыкта чоң иш терди жасоого үлгүрбесө дагы, алдыга план түзүп, команда топ- топ алууга болмок. Бирок Исаковдун келүүсү өкмөттүн ишин алга сүйрөө үчүн эмес, кайсы бир тараптын кызыкчылыгын сактап, кеткен президент менен келген президенттин бийлигин тең салмакта кармап туруу үчүн келген да.
Ошондуктан анын өкмөттүнүн емүрү кыска болду. Камалат деген имишке маани берген болбойт, болуп аткан ишти айтуу керек. Сапар Исаков күбө катары суралып жатат, күбө катары, күнөөлү деп айта элек эч ким. Тийиштүү органдар ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна таянып ишти башташты, органдар кандай иш алып барат ал бизге белгисиз.
Саясаттын табияты кубулма, эртең баары болуп кетиши мүмкүн. Сапар Исаков эски кадр дегенге болбойт, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун заманынын ички жагдайы менен тааныш адам. Айрым жаштардын колдоп жаткандыгы, коомду толук бойдон бир багытка буруп салуу мүмкүн эмес, ар бир адамда өзүнчө пикир. Исаковдун колдогон тараптын өзүнүн карманган чындыгы бар, колдобогон тараптын өзүнүн чындыгы бар.
Булак: Ачык саясат