www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешменин комиссиясынын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев укук коргоочулардын Башмыйзамдын долбоорунда адам укуктары боюнча беренелердин саны кескин кыскарган деген пикири менен макул эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешмеде билдирди.

Кеңешменин мурунку отурумунда айрым юристтер Конституциянын долбоорундагы жарандардын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө беренелердин саны учурдагы Баш мыйзамга караганда бир кыйла аз экендигин белгилешкен.

Жалпы жыйында адвокат Гүлмира Маматкеримова уюштуруучулар комиссиянын ачык-айкын иш алып барарын убада кылганын, бирок комиссиянын айрым мүчөлөрү комиссиянын курамында экендигин ЖМКлардан билишкенин эскерди. Ошондой эле, жарандардын укуктары боюнча беренелер  кыскарганын айтып, секциянын мүчөлөрү долбоордун авторлорунун маалыматын уккусу келгендигин эске салды.

Бекбосун Бөрүбашев аны менен макул болгон жок.

“Концепция өзгөрүүсүз бойдон калууда. Эгерде кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү байкасаңыз, анда негиздеңиз. Мен карадым, менин оюмча, концепция өзгөрүүсүз бойдон калууда”, – деди ал.

“Азыркы Баш мыйзамда, мисалы, 20-беренедеги бардык жоболор 15-беренедегилерди кайталап жатат. Ошентип, авторлор көлөмүн көбөйтүп жатышат”, – деди Бөрүбашев.

Эске салсак, буга чейин ал учурдагы Конституциянын авторлору өлкөнүн башкы мыйзамындагы беренелердин санын негизсиз көбөйттү деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости