www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Башмыйзам бул жолу кыргыз тилинде жазылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки Конституцияда жаңы Башмыйзамды кабыл алуу маселеси каралбай калган. Жаңы долбоордо бул жагдай да камтылып, Башмыйзамды кайра кабыл алуу, өзгөртүү жана толуктоо боюнча атайын жоболор каралды. Натыйжада, укук системасындагы жетишпестик жоюлду.
Жаңы Конституция референдум же жалпы элдик добуш аркылуу гана кабыл алынат.
«300 миң эл, президент, парламенттин депутаттары да демилге менен чыгышы керек. Биз негизги эрежелерин бердик, алдыда бул боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынышы керек, ошондо кеңири жазылат. Конституциянын бардык бөлүктөрүнө, айрыкча конституциялык түзүлүштүн негиздерине, адам укуктарына өзгөрүү кирсе, жаңы Башмыйзам деп эсептелет», — дейт Бөрүбашев.
Ал белгилегендей, Конституциялык кеңеш менен кошо лингвистикалык топ да түзүлгөн. Учурда алар жаңы Башмыйзамдын үстүндө иштеп жатышат.
Булак: NazarNews.kg