www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, тараптар эки мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашкан.
Мындан сырткары, кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышкан.
«Руслан Казакбаев кыргыз тарап өлкө президентинин Орусияга боло турган сапарына чоң маани бере турганын билдирди. Анын айтымында, аталган иш сапар кыргыз-орус кызматташтыгына кошумча импульс берет жана союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деп жазылат маалыматта.
Казакбаев келечектеги тышкы саясий байланыштардын алкагында экономика, айыл чарба, өз ара соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо ниетин билдирди.
Орусиянын элчиси кыргыз-орус эки тараптуу мамиленин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө Орусиянын даярдыгын жана расмий Москваны кыргыз тарап менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдар кыла турганын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар бардык пландаштырылган иш-чараларды карап чыгууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алуу менен кыргыз-орус кызматташтыгынын жалпы комплексинин мындан аркы интенсификациясына үмүттөнөрүн кошумчалашкан.
Булак: NazarNews.kg