www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган журналист Бекен Назаралиевдин 1996-жылы август айында жазылган “Жалгыздыктын жүз күнү” аттуу макаласын NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
"Ак үй, үчүнчү кабат. 314-кабинетке кирбегениме, 22-83-41 телефонго чалбаганыма 100 күн болду. 314-кабинетте кыргыздын чыгаан уулу, депутат Сатыбалды Жээнбеков отурат эле. Бизди ушул телефон байланыштырып турчу. Мен телефон чалып, «кандайсыз?» - дегениме тамашалап, «секин-секин, келип кетпейсиңби гаплашип (сүйлөшүп) отурабыз. Пропуска жаздырып коем» — деп айтылган жалпы кыргызга тааныш анын коңур үнүн укпай калганыбызга көз ачып жумганча жүз күн өтүп кетиптир...
Курманбек баатырды жерге бергендей болдук...
Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканы чын болсо,
Деги жай-жайына койсочу.
Сатыбалды Жээнбековдун каза болгонун мен - Жалал-Абаддан Чынара Жакыповадан уктум. Уккан кулагыма ишенбей дагы бир ирет сурадым. Тоо кулап кеткендей сезилди. Чынара эже, «Кыргыз эли дагы бир мыкты кулунунан ажырады» деди суз гана. Сатыбалды акенин өзүнө гана таандык күчтүү духун көрүп жүргөндүктөнбү, аны өлбөчүдөй элестетчүмүн. Сатыбалды Жээнбековдун тирүү кезинде баркына жетпептирбиз. Бийлик төбөлдөрү кээ бир жалданма бир күндүк курсагы тойгон журналисттер Жээнбековду эмне деп гана боктоп жазышпады. Мурунку жашоосуна асылышты, кийинкисин казып көрүштү. Бирок аны чөктүрө алышпады. Канчалык чөктүрөбүз деген менен ал айсбергдей калкып чыга берди.
Карапайым элдин катмарына сиңип, чыныгы элдик адамга айланып кеткенин, Сатыбалды Жээнбеков менен коштошуп жерге бергени жатканда күйүт башында сездик. Сузак жергеси Курманбек баатырды жерге койгондон бери мындай кылкылдап жерге батпаган элдин күйүтүн көргөн эместир. Курманбек баатырды жерге бергендей болдук.
Сатыбалды акенин бизге тааныш көздөрү жумулуп, жылдызы өчүп, келбес сапарга аттанып, кыргыз деп соккон жүрөгү токтогон күнү табийгат да аны менен коштошуп жаткансып, чагылган чартылдап, нөшөрлөп жамгыр төктү.
Мен табийгаттын бул көрүнүшүн анын мүнөзүнө салыштырдым. Жамгыр басылары менен күн да чайыттай ачылды. Табийгат да ошондой болду. Ал бетке айтканы менен жүрөгүнө кек сактоочу эмес. Адамдын баркы өлгөндө бааланат деген чын белем, ал туулуп өскөн үйүнөн баштап сөөгү коюлган көрүстөнгө чейин элинин көз жашы тамды.
Армандуу дүйнө...
Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу
Жигит менен кыз өлсө,
Деги жерге көмбөс болсочу - деп Токтогул бекеринен ырдаган эмес тура.
Сатыбалды Жээнбековго мынчалык эрте үзүлгөн өмүрдү эч ким ыраа көрбөйт эле. Айласыздан кыргыз эли жүз күн илгери тоодой бийик кулуну Сатыбалды Жээнбеков менен коштошкон болчу.
Өзгөчө кыргыз элине ушундай жалындуу патриот перзентин берген эне, ботодой боздоп, өзүлөрүнө кубат күтүп, туу туткан бир туугандарынын канаты сынып, балалыгы өткөн көчөсүндө аза күүсү ойноп, кайгынын кара желеги жер чийип турган күндөн жүз күн өттү.
Сатыбалды Жээнбековсуз жүз күн...
Көйкашкадай өз элине таанылып, калган адамдын күйүтүн тартып, аны жоктоп элдип кабыргасы кайышып турду.
Англисче жазуу бар кепка кийип келген Бекмамат Осмоновду, Адахан, Турсунбайлар «калганыңыз жок беле?» деп жиндери келсе да, тамашага чалышты. Кайгырып Жумгалбек Аманбаев отурду. Президенттикке талапкер болгондо Сатыке ишенимдүү адам болгон. Чоңдордон көбү келбеди. Чолпонбаев гана кагазга жазып алган аза сөзүн сүйлөдү. Көрүнгөндү ортого салып, эптеп жарашкан Тагаев келбеди. Сатыбалды аке, «Сенин Абдыжапар акең вице-премьер-министр болордун алдында ортого адам салып шайлоодо каршы иштеген эмесмин деп кучактап өпкүлөдү.
Мен ортого түшкөн депутаттар үчүн кечирдим» - деп айтканы эсимде. Бийликтегилердин көбү өз креслосунан коркушту.
Сөөк коюлар күнү райондун атка минерлеринин бири Тагаев бизди чакырып «ар кандай жол менен болсо да Жээнбековду өткөзбөгүлө. Мага да жогору жактан буйрук келди» - деп болгон чындыкты бизге айтып берди.
1991-жылы өлкөнүн тагдыры кыл учунда турган кезде Акаев менен жакын адамдары четтеп калышканда С.Жээнбеков президент, демократия тарапта турган. Бирок президент анын жакындарына көңүл айтып койгонго жарабады.
Сатыбалды аке экөөбүз көп жыл илгери таанышканбыз. Анда сүрөтчүлөр окуу жайында экинчи курста окучумун. Мага Москвадагы Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтуна жолдомо беришкенде, бир нече аңгемелеримди Сатыбалды Жээнбеков орус тилине которуп берген.
Котормо үчүн берген акчама жеңе экөө тандап жүрүп пальто алып кийгенин айтып күлүп калчу. Бул окуя жөнүндө өткөндө жеңе да эскерди.
Менин туулган күнүмдө биздин коллективдин кызматкерлери менен Сатыбалды, Камыт, Турдалы акелер чогуу болушту. Сатыбалды аке «Сенин байлыгың-курч калемиң, ылайым ошол калемиң мокобосун» - деп тост көтөргөнү бүгүн да кулагыма жаңырып турат.
1993-жылдын 17-ноябрында мен уулдуу болдум. Анын аман-эсен төрөлүшүнө Мамбет Мамакеевич тааныш врачтарына дайындап чоң жардам кылды. Төрөт үйүнөн уулумду алып чыгып кеткенге машина таппай отурсам, жумушка Сатыбалды Жээнбеков келип калбаспы. Ал менин бирөөлөргө телефон чалып жатканымды көрүп «Эмнеге керек болуп жатат?» - деп сурады. Мен уулдуу болуп, төрөт үйүнөн алып чыкканы машина издеп жатканымды айтсам, «сен уулдуу болсоң, мен өзүм эле жеткирип берейин» - деди.
Мен сүйүнүп кеттим. Уулум Исаны өз үйүмдүн босогосуна алып кирген Сатыбалды Жээнбеков болчу.
Бир аздан кийин тележурналист Нышанбек Кочкоров келди. Биз көпкө бакылдап отурдук. Сатыбалды аке эмне үчүндүр «уулуңдун атын Асхад кой?» дегенине ушул кезге дейре түшүнбөйм. Балким өздөрүнүн балдарынын атына окшош болсун деген го.
Сатыбалды аке менен Жалал-Абадга кетип баратканбыз. Төө-Ашуунун белине чыга берерде машинанын суусу кайнап, тартпай калды. Тегиз жерине барып токтодук. Көрсө ремени үзүлүп кетиптир. Машинанын арткы дөңгөлөгүнүн түбүнө таш коюп, ары-бери өткөн машиналарды күтүп отурдук.
Көп баланы төрөп, өстүргөнү үчүн апасына сыйлыкка берилген машина экенин, кээ бир журналисттер аны билип-билбей эле кызмат абалынан пайдаланып алды деп жазышканын айтып отурду. Жүк ташыган эки машина өттү. «Төө-Ашууда түнөйбүз го» дедим. Ал күлүп, «мени тааныган бирөө жарым өтсө эле талаада калбайбыз» - деди.
Бир убакта ылдыйдан келе жаткан машина бизден өтө берип токтоду. Машинасынан чыгып биз менен учурашты. Сатыбалды аке үзүлгөн ременди көрсөттү.
Бейтааныш жигит: «мен сизди кайдан көрдүм эле, эстей албай жатам?» - деди. «Эстеп көрчү?» - деди Сатыбалды аке тиги жигитке тамашалап. Тиги жигит кайдан көргөнүн эстей албады. Аны көп кыйнабайын дедиби, «мен деген сенин үйүңдө он жыл отурбадым беле?» дегенде ал, «сиз Сатыбалды Жээнбековсуз да» деп, акыры тааныды. Бизге жардам берген жигит Баткенден болот экен. Ашыкча жаңы ремени бар экен ошону салып берди. Акча берсе албай койду. «Мен Сатыбалды Жээнбеков менен жакындан тааныштым деп айта жүргөнүм жакшы» - деди да, акча албады.
Биз Жалал-Абадга келгенибизде жакын арада өтүүчү депутаттык шайлоолорду өткөрүү боюнча областтык чогулуш болуп жаткан экен. С.Жээнбековду министрдин орун басары катары, президенттик аппараттан келгендер менен кошо президиумга отургузушту. Залдагылар сүйлөсүн дегенде Жээнбеков чыгып сүйлөдү.
Анын ораторлук талантын ошондо көрдүм. Президенттик аппараттын облус боюнча куратору Нарынбек деген жигит тура калып «Сатыбалды Амиржанович, сиз бул чогулушту саясый дискуссияга айландырбаңыз?!» - деп өкүмдүү сүйлөдү да, көпкө отура албай залдан чыгып кетти. Анын соңунан райондун акимдери да тигинин артынан ээрчип чыгышты. Залдагылар ошол бойдон кыймылсыз отурат.
«Кара тамандар калдыкпы?» - деп отургандарды бир күлдүрүп алып, бүтпөй калган оюн айтты. Ак сүйлөп бүткөн соң отургандар тура калышып дүркүрөтө кол чабышты. Чогулуштан кийин акимчиликтин алдына чыктык. Сатыбалды аке чөнтөгүнөн тамеки алып тартты. Экөөбүз эле калыппыз... Жээнбеков менен учурашкандан коркушту... Анын Жалал-Абадда сүйлөгөн сөзү, эртеси кайра Бишкекти көздөй келе жатканда Токтогулга бизден мурун жетиптир. Өзү министрдин орун басары болуп туруп бийликке каршы ачуу чындыкты С.Жээнбековдой эч ким айта элек. Бийликтен кеткенде гана кээ бирлеринен үн чыгып калып жатат.
Ал каза болоруна жакын эки-үч күн мурун экөөбүз иш кабинетинде чогуу отуруп, бийлик башындагылар, аскер коррупциясы боюнча бирге макала жазмак болчубуз. Ошолор туурасындагы керектүү материалдарды алып койсом болмок экен.
Сатыбалды Жээнбековду акыркы-келбес, сапарга узатып, замандаш катары бир ууч топурак салып кетүүнү парз көргөн сансыз эл акыры көрүстөндөн кайтты.
Мүрзөнүн үстү гүл болуп кетти. Кайтып келаткандардын маанайы пас.
С.Жээнбековдун күтүүсүз, табышмактуу өлүмү жөнүндө сөз кылып келишет.
Бирөө көрө албай өлтүрүшүптүр десе, экинчиси уу беришиптир, дагы... да көп сөздөр айтылды. Аларды жазууга болбойт.
Сатыбалды акенин сөөгүн алып келген тик учак менен Бишкекти көздөй учтук. Бийик тоолордун үстүнөн учуп кетип баратып Дооронбек Садырбаев айткан бүркүттү издедим.
Көк мейкинден ал бүркүттү көрө албадым. Ар кимибиз ойлуу кетип баратканда Рамазан Дырылдаев: «Карасаңар, отургандардын баарысы Акаевдин оппозициялары экен. Эгер бирөө айтып тик учакты жардырып жиберсе, анда Сатыбалдыдан кутулгандай оңой кутулушмак» деди күтүүсүздөн.
Баарысы күлүп калышты. Биз бири-бирибизди карап калдык. Чын эле президентке өз алдынча көз караштары бар Кубан Мамбеталиев, Замира Сыдыкова, Топчуке Тургуналиев, Рамазан Дырылдаев, Табылды Эгембердиев, Улан Орозбаев анан мен ж.б. отуруптурбуз.
Демократ С.Жээнбековдун сөөгүн туулган жерине алып барган тик учак ал жактан демократтарды Бишкекке алып келди.
13-июнь С.Жээнбековдун туулган күнү болчу. Бул өзү жок өткөн туулган күнү эле. Султан, Эрнест байке, Эгемберди, мен болуп ал төрөлүп өскөн үйүнө бардык.
Эгемберди Эраматов менен Сатыбалды аке Мичуринскийде чогуу окушкан.
Туулган күнүндө куран окудук. Эски үйүн бузушуп кыштан үй куруп берип жатыптыр. Сыртта Сатыбалды аке экөөбүз келген машинасы турат. Темир болсо да өзүндөй жылуу учурайт экен. Э.Эрматовду Сатыбалды акенин апасы кучактап ыйлады. Ботосун жоготкон эненин көз жашын тиктей албадык. Эне шордуу көтөрөт экен да...
Бул жалган дүйнөдө өлбөс адам барбы деп эң жакын кишибизден айрылып жаткан кезде өзүбүздү-өзүбүз соороткон болобуз.
Сатыбалды Жээнбековду көргөн калың эли ага, инилери турат. Көк кийген апасына жөлөк болчу: уулдары турат.
Кайрат кылып, элинин тагдырын өзүнүкүнөн жогору койгон Сатыбалды Жээнбековдун тукумун улоочу балдарына жашабай кеткен өмүрүн берсин деп жараткандан тилейбиз. Өлүм күйүтүн көтөргөн ошолор.
Замандаш агабыз Сатыбалды Жээнбеков үзөңгүдөн буту тайып, жашоонун чылбырын колуна ала албай оо дүйнөгө кете бергенине жүз күн болуптур. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун...
Жолдошуң болуп күнү-түн,
Жаныңда жүрөт бул Ажал.
Тамырыңа таркаган,
Каныңда жүрөт бул - Ажал. (Барпы)", - деп жазган журналист Бекен Назаралиев.
Кыргыздын кыйырына таанымал өмүрү өрнөк инсаныбыз Сатыбалды Жээнбеков быйыл көзү тирүү болгондо 68 жашка чыкмак. Тилекке каршы, чыгаан уулубуз 42 жашында ууланып каза тапкан.
Эске сала кетсек, Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.
1975-жылы Россиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.
1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.
Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.
Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.
Сатыбалды Жээнбеков телерадио кызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет.
Булак: NazarNews.kg