www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада “Ата-Мекен” партиясы социалдык тармакты бир топ ызы-чууга салып, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаевдер коомчулуктун талкуусуна калышты. Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Апсамат Сатыбаев билеги бир, тилеги башка саясатчыларга өзүнүн пикирин төмөндөгүчө калтырган.

“Момбеков байке, сизди өлкөбүздүн курч көйгөйлөрүн жана так жумушун алып кете албаган аткаминерлерге сын айтканыңызды, жетелеме ит эмес экениңизди сыйлачуу элем. Бирок бул жагы такыр сиз жана сиздин алып барып жаткан жумушуңузга дал келбей калды. Бул нерсеге да себеп бардыр, мүмкүн ошол эле акча маселеси же сизге сөзсүз эл өкүлү болосуз деген убадаларыдыр. Кантседа атыңызды булгадыңыз. Бирден факт эле жазып өтөйүн, булгадыңыз дегениме.

Биринчиден, Сариев - трайбалист, Текебаевдин колунан жакшылык келбейт, Жанар-выскочка (орусча айтканда), Токтогазивдин эл өкүлдүгүнө башка жол менен барууга көзү жеткен жок. Ошондуктан жетим жүгүрүк болуп “добуш алып берем, мени эл өкүлү кылгыла” деп башын ийди. Темиркулов тууралуу айта албайм, себеби ал тууралу эч кандай маалыматым жок жана өлкөбүздөгү көйгөйлүү маселелерин көтөргөнүн мен укпаптырмын...

P.S. Тактап жазып кетчү нерсе, бул менин жеке пикирим жана жазгандарым Момбековдун колдоочусу же анын фанаты дегенди билдирбейт. Жеке өлкөдөгү көйгөйлөрдү көтөрүп жатканы  жана тайманбай жумушун жакшы алып бара албай жаткан аткаминерлерди жемелегени учун сыйлачу элем...”,-деп жазат Апсамат Сатыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости