www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июнда Бишкек — Чалдыбар жолунда жүргүнчү ташыган маршруттук каттам бакты сүзүп, анын кесепетинен эки киши каза тапкан. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы кечки саат 18:00 чамаларында болгон. 

"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа Бишкектен Чалдыбар айылына бара жаткан. Жолдун 82-чакырымында айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктан төрт адам, анын ичинде айдоочу жабыркап, дагы эки жүргүнчү каза болду. Бирөө кырсык болгон жерден мүрт кетсе, экинчиси ооруканада көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, материалдар Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости