www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча change.org деп аталган сайттагы петицияга 4200гө жакын киши кол койду.

Алар судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан адамды актаганы үчүн сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет.

Акыйкатчы Токон Мамытов буга чейин Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судья Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоевди, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы процессуалдык мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

Жогорку сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирген. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости