www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эл жазуучусу, журналист жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун “Чыңгыз Айтматов” медалы менен сыйланды.
Сыйлык тапшыруу аземи салтанаттуу өтүп, медалды ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы тапшырды. Ал Бекен Назаралиевдин кыргыз журналистикасын, улуттук адабиятты жана түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулуктарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы , Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы , ошондой эле белгилүү калемгерлер, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Бекен Назаралиевдин көп жылдык чыгармачылык жана коомдук ишмердиги жогору бааланып, анын кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы баса белгиленди.
Белгилей кетсек, “Чыңгыз Айтматов” медалы түрк дүйнөсүнүн маданиятын, адабиятын жана руханий мурастарын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон инсандарга ыйгарылуучу эл аралык сыйлыктардын бири болуп саналат.