www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы балкондорду буздуруу иштерин сынга алды. Ал бул тууралуу 24-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата шаарды көрктөндүрүүгө аракет кылып жатканы жакшы көрүнүш.

Бирок депутат алгач тротуарларды оңдоп-түзөө, жашыл аймактарды көбөйтүү жана бак-дарактарды сактоо иштерине көңүл буруу керектигин белгиледи.

«Алгач ар кандай деңгээлдеги тротуарларды оңдоп, кыйылып жаткан жашыл бак-дарактарды көбөйтүп, шаарды жашылдандыруу керек эле.

Ошондо шаар көрктүү, салкын жана чаңы аз болмок. Анын ордуна Абдрахманов көчөсү менен Манас проспектисиндеги балкондорду бузууга киришишти. Эл буга нааразы, анткени алар бул балкондорго көп каражат жумшаган», — деди Бекешев.

Депутаттын айтымында, учурда мэрия балкондорду баштапкы көрүнүшүнө келтирүү шылтоосу менен бузуп жатат.

Ошондой эле ал мындай маселелер Конституциянын талаптарын сактоо менен, жарандардын жеке менчигине зыян келтирбеген, цивилизациялуу жол менен чечилиши керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында Бекешев Президенттин администрациясын бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.

Последние новости