www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда Президент Садыр Жапаровго депутаттык мандатын басым алдында тапшырууга аргасыз болгонун билдирди.

Анын айтымында, ал Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек» партиясынын тизмеси менен шайланган. Жолугушуу учурунда Президент Садыр Жапаров анын мандаттан баш тартуусуна ким себеп болгонун сураганда, Асанбеков арызды расмий түрдө өз каалоосу менен жазганын, бирок бул чечим кысымдын натыйжасында кабыл алынганын айтты.

Асанбековдун айтымында, ага Президенттин мурдагы коомдук кеңешчиси Жаныбек Кубандыков телефон чалып, мандаттан баш тартууну талап кылып, болбосо ага каршы чара көрүлөрүн эскерткен.
«Мага “же камаласың, же мандатыңды тапшыр” дешти. Мен баш тарттым.

Таңкы саат бешке чейин кармап турушту. Андан кийин төрөт үйүндө жаткан жубайыма телефон чалышты.

Мага “кызыңды же мандатыңды – танда” деп айтышты. Ошондон кийин арыз жаздым», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров Жаныбек Кубандыков бир мезгилде коомдук негизде иштегенин, кийин кызматтан четтетилгенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, кийинчерээк ал кылмыш иштеринин фигуранты болуп, камакка алынган.

«Ал акыркы жылдары менин кеңешчим болгон эмес. Айрым адамдар менин атымды пайдаланып, өздөрүн жардамчымын, тууганымын же өкүлүмүн деп тааныштырып, акча алып, маселелерди чечип берем деп жүрүшкөн.

Азыр алардын көбү тергөөдө же эркинен ажыратылган», — деди Садыр Жапаров.

Мурдагы депутат ошондой эле мандаттан баш тарткан жагдайларга укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга кайрылганын, бирок азыркыга чейин тиешелүү жыйынтык ала электигин айтты.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров бул маселени кошумча иликтеп чыгып, тиешелүү укуктук баа берүү боюнча компетенттүү органдарга тапшырма берди.

Последние новости