www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекешев: Данияр Үсөнов 20 гектар жерди алып алган

Жеке менчик компанияга өтүп кеткен Бишкектеги 20 гектар жер мамлекетке кайтарылсын. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 20 гектар жерди алып алган.

"Бишкектин түштүгүндө жайгашкан 20 гектар жер негизи мамлекетке карачу. 2005-жылы айыл өкмөт бекер эле жеке менчик компанияга берип койгон. Ал компаниянын аталышы ошол учурда Данияр Үсөновго тийиштүү "Прайм строй" болгон. Канча жолу биз УКМКга, Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Эч жыйынтык болбой, бул жер жеке менчик компаниянын карамагында кала берди. Өлкөнүн бюджетине бир тыйын төлөгөн жок. Үсөнов 20 гектар жерди алып алган. 2005-жылы чыккан буйрук жараксыз деп табылышы керек. Сот бул иш боюнча Башкы прокуратуранын арызын канааттандырган жок. Андан кийин эч ким чечимге каршы болгон эмес", - деди ал.

Ал эми жер мамлекетке кайтарылышы керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости