www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министринин милдетин ат каруучу болуп дайындалган Жаркынбек Касымбеков «Мен мошенник, мен аферист эмесмин» деп актанып жатат. Соттошуп акталганын калың элдин алдында какшап айтууда. Учурунда ага Эмгек кодексин бузганы үчүн иштен айдалып, каржылык иштер боюнча кылмыш иштери козголгон экен.

Ал Бишкек шаардык «Тез жардам» станциясынын башкы дарыгери кызматын ээлеп турганда ушундай одоно мыйзам бузууларга жол берген. Ушундай ызы-чуу менен жүргөн, репутациясы бузулуп, булганган талапкердин эми минтип министрдин милдетин аткаруучу кызматка келиши туура эмес. Анан да жогорку кызматка дайындала турган кишинин ишкердик сапаты эле эмес, моралдык жүзү, адеп-ахлагы да эске алынышы абзел.

Анткени Жаркынбек Касымбеков беш баласын тирүүлөй жетим калтырып, үй-бүлөсүн таштап кеткенин эл билбейт окшойт. Ушундай туруксуз, соттошуп-оттошуп жүргөн чуу куйрукка өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын ишенип берүүгө болобу?

Булак: Азия News гезити

Последние новости