www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын эксгубернатору Бекмамат Осмонов сөз эркиндигин баалап, президент Акаевге сын жамгырын селдей жаадыра турган. Бекмамат Осмоновдон өрнөк алгандар учурда бийлик бутактарында отурушат. Ал жаш акка моюн сунду, анын өлүмү да табышмактуу. Анын иниси Шермамат Осмонов акесин тарта алган жок. 2002-жылы Аксы районунда аким болуп туруп, элине каршы мылтык сунгандардын башында турган. Анын кызы Айнура Шермаматовна Осмонова атасын жазбай тартыптыр,бирок Бекмамат Осмоновду тартса жакшы болмок. Жогорку Кеңештин депутаттары «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Гүлшат Асылбаева жана СДПКдан Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости