www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн, 4-октябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев менен чогуу өтүп жаткан брифингде билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстандагы бардык добуш берүү участокторунда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталуусуна шарттар түзүлгөн. Коргоочу каражаттар жетиштүү түрдө берилген. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары добуш берүү үчүн келген жарандарга да беткап жана колкап берилүүдө.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин Кыргызстандагы добуш берүү участокторунда 5728 медицина кызматкери көзөмөл кылып, иштеп жатканын маалымдады. Анын айтуусунда өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлгөн жарандарга жардам берүү үчүн атайын "Тез жардам" унаалары да даярдалып коюлган.

Бүгүн, 4-октябрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Жалпы өлкөдө 2 420 добуш берүү участогу, ал эми чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогу иштеп жатат.

Эске салсак, добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштери кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости