www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим Карыпбековдун "Айылдыктар"жөнүндө жазган пикирине дагы бир интернет колдонуучу Бектемир Төлөн өзүнүн жообун ыр менен жазып чыкты:
Айтпайын десең айттырат,
Жазбайын десең жаздырат,
Ойлонбой жазган жандар көп,
Ойду тоону тантырап,
Элдин пикир оюна,
Иммунитети барчылап.
Тийгизген сөзү калкыма,
Жүрөктү кетти кайчылап.
Ошого анча теригип,
Ыр менен койдум камчылап.
Илим иним кеп айттың,
"Элим жалкоо" деп айттың.
Айлыңдагы элинди,
"Ичкичтер" деп не айттың? Сын жазгандын баарысын,
"Үрбө" деп итке теңедиң.
Билесиңби Илимбек,
Шефиңди да сени да, Ошол эл багып келээрин,
Ар бир адам салыкка,
Өкмөткө акча төгөөрүн,
Чогулган элден тыйындан,
Силерге айлык берээрин?
Кечирим сурап кой элден,
Түшүнсөң сөздүн тереңин.