www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Мотуев эмнеге президент боло албасын. Бектер кетип, зэктер башкарып жатат: Премьер-министр – зэк, вице-премьер Равшан Сабиров пара менен кармалган зэк, спикер-зэк, УКМК төрагасы-зэк. Нурлан Мотуев бала болуп башына жүн чыкканы Акаевдик бийлик менен кармаша баштаган. Турсунбек Акун деген бар Акаевдик көк шапкечендерден башка таш менен жесе да дырылдап качкан. Нурлан Мотуев качып бараткандарды токтотуп Акаевдик бийликти алганга дем берген. Бийлик алмашкан соң түз эле Кара-Кечегеге барып, «Өзүм бий, өзүм хан» болуп калган Камчыбек Жолдошбаевди коколоп, «көмүр королу» болуп чыга келди. Ошондон кийин түрмөнүн да даамын татты. 2016-жылы май айында «Элдик парламент» түзүлүп жыйын өткөзүп жатса, эч нерседен артка тартпаган Нурлан Мотуев да бара калып Бекболот Талгарбековдор менен кошо жалаа жабылып соттолуп кеткен. Анын жоктугунан пайдаланып депутат Камчыбек Жолдошбаев сөзмөр болуп чыга келди. «Эй, депутаттар, эл менен кошо автобуска түшсөңөр, эки бетим кызарып уялып кетем. Силер депутатсыңар элден өзгөчө «служебный» машина менен жүрбөйсүңөрбү» -деп, автобус менен жүргөн депутаттарды кекетип-мокоткону бар.Нурлан Мотуев 2011-жылы 11-январда боло турган президенттик шайлоого талапкердигин койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости