www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу Кыргызстан жаштары!

Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Жаштар күнү — бул эрктүү идеялардын жана үмүттүн, кыймылдын жана оптимизмдин майрамы.

Мамлекетибиздин эртеңки үмүтү, тилеги жана жаркын келечеги бул — жаштар, силерсиңер.

Сиздер — жаш, жан дүйнөңөрдүн аруулугу сырткы келбетиңердин сулуулугуна төп келишкен, чыгармачыл жана максаткөй, кыялкеч жана көздөгөн максаттарга жете билген келечек муундун өкүлүсүздөр. Сиздерге карап, Кыргызстандын эртеңки жаңы ийгиликтерине жана анын жаркын келечегине бекем ишенебиз. Анткени биздин бардык үмүтүбүз сиздерде.

Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарынын арасында дүйнөдө чоң ийгиликтерге жетишип, бийик чокуларды багындырган жаштардын аз эмес экендиги бизди кубандырбай койбойт. Алардын ар бир жасаган кадамы жана жетишкен ийгилиги Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келет.

Жаштар — бул өлкөбүздү алдыга сүрөп туруучу кыймылдаткыч күч. Биздин ар бир жасаган ийгиликтүү ишибиздин артында жаштар турары талашсыз. Өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздиктин, максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт коюп, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган дагы биздин жаштар болду.

Дайыма муундар алмашып турат, а бирок жаштардагы толукшуган энергия эч өзгөрүүсүз сакталат. Биздин жаш мекендештерибиз өлкөбүздүн экономикалык, социалдык жана региондук өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келет.

Дүйнөнү түйшөлтүп, адамзатты кооптонтуп турган COVID-19 коронавирус инфекциясы тарап, ушул жыл Кыргызстан үчүн бир топ оор жылдардан болду. Өлкөбүз ушундай татаал шарттарга кабылганда, миңдеген жаш улан-кыздар четте карап турган жок. Алар эрдик жана эрктүүлүк көрсөтүп, өздөрүнүн курбалдаштарына үлгү болуп бере алышты. Жаштар ыктыярчылардын катарын толуктап, бүткүл дүйнө жүзүнө адамдагы эң мыкты сапаттарды кайрымдуулукту, боорукерликти, патриоттуулукту жана айкөлдүктү көрсөтө алышты.

Кыргызстан өзүнүн жаштары менен терең сыймыктанат!

Биз ар дайым жашообуздун жакшы багытка карай өзгөрүүсүнө болгон үмүттөрүбүздү жаштар менен байланыштырып келебиз.

Жаштарды ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ар качан жаштардын демилгелерин, инновациялык долбоорлорун колдоп беребиз жана мамлекеттик кызматка жаштарды тартууну улантабыз. Мамлекетибиздин келечеги жана үмүтү, жасаган ар бир кадамы жана аракети бул келечек жаштар үчүн.         

Майрамыңыздар менен жаркын келечек ээлери!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости