www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан россиялык Ми-24 тик учагын атып алгандыгын мойнуна алганын аталган өлкөнүн ТИМи билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кечээ Армения аймагында Россияга тиешелүү тик учакты Азербайжандын аскердик күчтөрү кокусунан атып түшүрүп алгандыгы боюнча кабар тараган. Анын кесепетинен экипаждын эки мүчөсү каза таап, бирөө оор жарадар болуп аэродромго жеткирилген. 

Ошондой эле ведомстводон Тоолуу Карабах чырынан улам кагылышуулар болуп жаткан армян-азербайжан чек арасына жакын жана жапыз учкан тик учакты катачылык менен атып түшүрүп алгандыктарын билдиришкен. 

Аскердик аба транспорту чабуулдан кийин тоолуу аймакта башкаруусун жоготуп, кулап түшкөн.

Алар Ми-24 караңгыда, ПВО кажажаттары радары кармабай турган аймакта учуп жүргөнүн айтышкан. Мындан сырткары, кырсык болгон аба мейкиндигинен алды-кийин россиялык Ми-24төр кездешпегендигин кошумчалашкан.

"Азербайжан Россия тараптан трагедиялуу окуя кокусунан болуп кеткендиктен жана чабуул эч качан Россия тарапка багытталбагандыгын билдирип кечирим сурайт", — деп айтылган ТИМдин маалыматында.

Эске салсак, буга чейин Россиянын Коргонуу министрлиги 102-россиялык аскер базанын командачылыгы россиялык тик учакты атып түшүргөн тарапты аныктоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости