www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-ажо Атамбаевдин учурунда өлөрчө кордук көрүп, темир тордун артында ар ай сайын ачкачылык акциясын жарыялап жүрүп жалпы элге таанылган Бектур Асанов деген шоруң каткыр бар. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин боор тартып, алардын баарын түрмөдөн бошоткон. Президенттин бул айкөлдүгү үчүн Бектурлар өмүр боюн тизе бүгүп, рахмат айтса дагы аздык кылат эй.
Эгер көшөрүп, чыгарбай койгондо, булар 15 жылдан ашык жатмак. Сыз жерде чиримек. Арийне, бул адам баласы жылкы мүнөз дегени чын окшойт. Кечээ эле көзүн жалдыратып тордо жаткан пенделер бир жыл өтпөй жасалган жакшылыкты унутуп, тайраңдап чыкканына кантесиң.
Акылман кыргыз: «Мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң оозу-мурдуңду каңдайт» деп бекеринен айтпаптыр. Дегенибиз, Бектур Асанов «Азаттыктын» талкуусуна катышып, «Боронов бүгүнкү күндө премьер-министр эмес, бул Президенттин экономика иштер боюнча жардамчысы... Бардык чечимдерди Президент кабыл алат... Бардык чечимдерди Президент чечип жатат... Президент алмашканда эл күттү, үмүт кылды, жакшы сүйлөгөнүн талкууга алып жатты... Азыр элдин үмүтү үзүлдү. Президент чоң өзгөрүүлөрдү жасай албайт. Бүгүнкү күндө парламент гана эмес, бүтүндөй күч структуралары алигархиялык, бандиттик, кландык топтордун кызыкчылыгын аткарып жатат. Али Токтакуновго каршы 100 миң доллар алды деген көрсөтмөнүн өзү - бийликтин атайын кызматтарынын жетекчилери Раим Матраимовдун кланына иштеп, ММКларга чабуул жасап жатат дегенди билдирет. Булар 100 пайыз Президенттин жоопкерчилигинде» деп, бүгүнкү ажого колунан келишинче көө жапты. Бектур Асановдун бул сөздөрүнөн ультиматумдун жытын байкасак болот. Чунак киши өз оюнда коркутуп-үркүтүү жолу менен соттук иштерин бүткөрүп алайын деп ойлоп жатса керек. Анысы өтпөйт го. Президент буга чейин бир дагы талапка чөгөлөгөн эмес. Күчкө салам деген С.Жапаров эмне болду? Тагдыр кайталанышына кепилдик жок. Бир буту тордо турган жарыктык ойлонуп кадам шилтегени дурус го?
Булак: Де-Факто