www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Депутат болгон 5 жылымда эмне иш кылдым?» - деп өзүнө суроо бергендин ордуна кайрадан депутат болууга бел байлагандар арбын. Алардын бири ат башындай амбицияга ээ Салайдин Айдаров. Аты-жыты белгисиз Айдаров капчыгына ишенген көпөстөрдүн бири. Парламентте активдүүлүгү деле анчейин байкалбайт.
Тикелей милдети мыйзам жазуу болсо дагы, жазмак түгүл жыйынга түзүгүрөөк катышпаган Айдаровго окшогон депутаттардын бизге кереги барбы деген суроо туулат. Дал ушундай опол тоодой мандат бактысына ээ болгондордун активдүү иштебегендигинин айынан Жогорку Кеңештин кадыры кургуйга кулап, элдин кыжыры кайнап турганы жалганбы? Капчыгы калың болсо эле мандатка көз кызартышпай, ар ким колунан келген иш кылса болбойбу? Каражатың турса элге мандатсыз деле кызмат кылса болот да.
Булак: Dе-Факто