www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги саясатчы Бектур Асанов менен кыргыз саясатында орун алып жаткан айрым маселелер боюнча баарлаштык.
-Бектур мырза, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга кетсе, мамлекет укуктук жактан тунгуюкка кептелеби?
-Садыр Жапаров президенттик шайлоого кетсе, мамлекет туңгуюкка кептелбейт. Себеби, биринчи анын орун басары же спикер президенттин милдетин аткаруучу болот. Эң негизгиси, шайлоо акыйкаттуу жана таза өтүшү керек. Ошондо мамлекет саясий кризиске, туңгуюкка кептелбейт.
-Айтмакчы, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров борборду Ошко көчүрүү ниети бар экенин билдирди. Борборду Ошко көчүрүү колдоо таба турчу идеябы?
-Колдоого алмак турсун, провокациялык туура эмес сунуш деп эсептейм. Себеби, борборду Ошко көчүрүү үчүн Кыргызстандын территориясы Казакстанга же Россияга окшоп чоң болуп коркунуч жаралса, көчүрсө бир жөн. Кыргызстандын территориясы кичинекей. Баш калааны Ошко көчүргөндөн мурун жолдорду оңдоп, коммуникацияны күчөтүш керек. Ошондо, борбордун кай жерде жайгашканы маанилүү болбой калат.
-Баса, Канат Исаевди спикерликтен түшүрүү аракети күч алып, кол топтоолор башталыптыр. Аны эмне үчүн спикерликтен алууга ашыгып жатышат?
-Канат Исаевди спикерликтен түшүрүүнү каалагандар административдик ресурсту колдонуп, бийликти толук түрдө күч менен басып алууга аракет кылып жатышат. Бирок, алардын андай максаты ишке ашпайт. Анткени, акыл-эси жайында адамдар баары бир булардын аракетине каршы чыгат.
Булак: NazarNews.kg