www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкерлердин тобу БШКга кайрылды. Алар Садыр Жапаровду талапкер катары каттабоону талап кылып жатышат.

«Эгерде шайлоого катышпай калсам, анда Садыр Жапаров дагы катышпашы керек», - деди саясатчы Бектур Асанов жыйындын жүрүшүндө.

Анын айтымында, Жапаровдун шайлоого катышууга юридикалык жана моралдык укугу жок.

«Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болушубуз керек. Ал эми шайлоо адилеттүү өтүшү керек. Эгер шайлоого мен катышпасам, Садыр Жапаров дагы катышпашы керек. Экөөбүздүн акыбалыбыз бирдей эмес.

Аныкы бир аз оор. Жапаров жасалган кылмыш боюнча отуруп чыгып, бир күндө акталды. Ал эми биздики жасалбаган кылмыш. Бирок бүгүнкү күндө шайлоого катыша албай жатабыз, Жапаров катышып жатат.

Мунун өзү адилетсиздик. Садыр Жапаровдун шайлоого катышууга юридикалык жана моралдык укугу жок», - дейт Асанов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости