www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Бектур Асановду кепке тартып, элге жасаган кайрылуусунун алкагында баарлаштык.

-Бектур мырза, акчалууларга утулуп калам деп күн мурунтан билдирүү таратып, коомчулуктун пикирин башка нукка бурганга аракет кылып жатасызбы?

-Олигархиялык топ парламентти эле эмес, бүтүндөй бийликти ээлеп алуу коркунучу турат. Ошондой эле алар бүгүн парламентти ээлеп, эртең, өкмөттү түзүп, анан президенттик бийликти алууга ашыгып жатышат. Аны тар чөйрөдө айтышканы боюнча бизге маалыматтар жетип жатат. Ошон үчүн бул шайлоодо алданбайлы деп коңгуроо кагып жатабыз. 

-Эми кайрылууңуз колдоо табабы?

-Буюрса, колдоо таап жатат. Элдин көкүрөгүндөгү, жүрөгүндөгү сөздү айтып жатасыз деп көптөр кубаттап жатат. Айтып эле тим болбой аракеттерди жасаңыз деген сунуштар да бар.

-Атаандаштарыңыздан кооптонгонуңуз үчүн аларды элге жаман көрсөтүү максатында ушундай кайрылуу менен чыгып жаткан жоксузбу?

-Атаандаштарыбызды күчтүү деп ойлобойбуз. Алардын ким экенин эл түшүнүп эле турат. Ошон үчүн алардан коркпойбуз.

-Анда неге кайрылууңузда бийликтин партиясынан чочулагандай түр көрсөткөнсүз?

-Эгер бийлик олигархиялык топту колдосо, анда  бийликтин партиясы кооптуу болот. Ошон үчүн кайрылуу кылып жатам.

-Бирок сиз боюнча деле толгон-токой кептер айтылып жүрөт го. Атаандаштарыңызды ынандыра турган аргументтериңиз барбы?

-Мага каршы компанияны 10 жылдан бери эле уюштуруп келе жатышат. Бирок бир дагы далил жок курулай сөз менен эле каралашат. Далил табышпаганы үчүн  эски пластинканы айлантып отурушат. Мага каршы Акаев, Бакиев, Атамбаевдин убагында дагы коррупциялык иш боюнча эч нерсе табышкан эмес. Болгону, Атамбаев күчкө салып гана камаган. Булар деле асылышы мүмкүн. Бирок эч нерсе таппайт. 

-Бирок майлуу, сүттүү кызматтарда иштегенсиз  го?

-Мамлекеттик кызматтарда иштегем. Бирок  алып коюптур, жеп коюптур деген бир да  сөз аркамдан ээрчиген эмес. Мен каршылашкан бийликтер  артымдан чукуп, айлап жылдап казышты. Бирок эч нерсе табышкан жок. “Ушул киши алды эле, жеди эле деп айтып койгула” деп кол алдымдагыларды кыйнаган күндөрү да болгон. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. 

-Сизди келген  бийлик менен тил табышып, иштегенге жөндөмдүү дешет го?

-Мен эч качан келген бийлик менен тил табышкан эмесмин. Мен бийликти алып келгенмин. Бакиев бийликке келгенде Жалал-Абаддагы революциянын башында туруп, бийликти алып келгендердин катарында болгонмун. 2010-жылы да бийликти алып келгенге салым кошком. Андан башка бийликтегилер менен тил табышып, коюн-колтугуна кирген эмесмин.     

-Кыргызстанда шайлоого ар ким өз алдынча эле аттанып, атаандаштарды сындап, каралабай эле чыкса болбойбу?

-Ошондой болсо жакшы болот эле. Бири-бирибизди түшүнүп, шайлоодо дагы бири-бирибизди колдоп, күлүп-жайнап өткөрсөк болмок. Тилекке каршы, адамдык фактор андай эмес экен. Демократия талаш-тартыш экен. Чынында талаш-тартыш сындоо эч нерсе эмес. Эң негизгиси чектен чыгып, мушташка жетпешибиз керек. Саясатта  талаш-тартыштын ачык болгону мамлекеттин оңолушуна пайда.  

-Байларды жеригенибиз менен пандемияда өкмөттүн абийирин жапты деп алкап жаткандар толтура го?

-Пандемияда эл жапа тырмак чыгып, эл өзүн өзү көтөрдү. Кыскасы, өкмөттүн абийирин ыктыярчылар жапты. 

-Анткениңиз менен ишкерлер, олигархтар, революцияда деле салым кошушат го?

-Алар революция биринчи келбейт. Революция ишке ашканда, бийликтен үмүтү үзүлгөндөм гана келет. Эки революциянын тең катачылыгы ичи арам ишкерлердин жардамын кабыл алып, анан ошолордун азабын тартканы болду. 

-Добуш саткандарды жоопкерчиликке тартат деген мыйзам таза шайлоонун өтүшүнө шарт түзөбү?

-Таза шайлоо өтүшүнө бийликтин каалоосу болбосо кандай мыйзам болсо да иштебейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости