www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаш ырчылардын катарын толуктаган Бекжан Темирхандын жол кырсыгынан каза болгонуна туура бир айдын жүзү болуп калды.
Каргашалуу окуяда ырчынын жанында досу Талгар Уланбеков болгон. Ал кырсыктан кийин оорукаган түшкөн. Ал эми бүгүнкү күндө ден соолугу жакшырып, ошол каргашалуу кырсык тууралуу SUPER TV каналына маек берди.
"Бир аз солго бургандан кийин эле унаанын арты тайыды. Чочуп тормозду тептим. Унаа жолдун ортосуна туурасынан туруп, ошол боюнча тайып кете берди. Оң жактан тоону сүзгөндөн кийин ылдый тоголондук. Мен "карман" дедим. 1-2 тоголонгондон кийин мен артка өтүп кетиптирмин. Көзүмдү жумуп, карманып кете бердим. Ошол учурда унаада Бекжан бар болчу. Коопсуздук куру экөөбүздө тең жок болчу. Тоголонгондо Бекжан өзүн жоготуп койгон окшойт. Бүтүндөй жашооң көзүңө көрүнөт экен. "Кудай, токтосо экен, токтосо экен" деп жаттым. Унаанын сууга түшкөнүн билем. Бекжан деп кыйкырып, издеп жаттым. Өзүмдү жогото баштаганда жолго чыгып жардамга чакырайын дедим. Кийин эмне болгонун билбейм",- деп эскерди досу.
Ошондой эле, маркум Бекжан Темирхандын досунун айтымында, ал досу Бекжандын каза болгонун ооруканадан уккан.
"Жанымда бир бала бар болчу, терезеден ыргып кетти окшойт, таппай жатам, "издейличи" дедим. Аңгыча Кызсайкалдар келип калды. Тез жардам келди. Ошол окуялар толук эсимде жок. Бекжанды алып чыкканын деле билбейм. Андан аркысы Кеминдин ооруканасына барганымды билем. Досумдун каза болгонун ооруканадан уктум. Анын сөөгүн Аксыга алып кетишти деди", - деди ал.
Булак: SUPER TV