www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус Литва жана Польша менен чек арасын жабат

Беларус Литва жана Полша менен чек арасын жабат. Украина менен чек арасында кайтаруу күчөтүлөт. Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко билдирди.

 

Ал аялдар форумунда сөз сүйлөп: “Биз көчөлөрдөгү аскерлерди чыгарып, батыш менен чек араны жабууга аргасызбыз”, – деди.

Мунун менен бирге  Лукашенко башка элдердин шайлоону таанышына муктаж эмес экенин айтып, ОМОН өкүлдөрүнүн нааразылык учурундагы аракетин мактады.

Белгилей кетчү жагдай, Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган түмөндөгөн эл толкуну ушул күнгө чейин басыла элек. БШК анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Ошол эле маалда нааразылык учурундагы куугунтуктоолордон улам оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Белгилей кетсек, Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун легитимдүү президенти катары тааныбай турганын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости