www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев өлкө бюджетине 65 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-министр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген,консултациялык тейлөө көрсөткөн деген шылтоо менен мамлекетке зыян алып келүүчү келишимдерди түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген.
Буга чейин Финполиция мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 9 млн сом экенин билдирген.
Кечээ, көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчү менен борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчисин тергөө мезгилинде камакка алуу чечимин чыгарды. Космосбек Чолпонбаев Бишкек СИЗО-1ге 2 айга камаакка алынды.
Булак: NazarNews.kg