www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңеши (жогорку палата) ички аскерлерге нааразылык акциялар учурунда аскердик жана атайын техниканы колдонууга уруксат берген мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү колдоду. Бул тууралуу БелТА мамлекеттик агенттигинин сайтында маалымдалды.

Сенаторлор эки мыйзамга – “Беларус республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө” жана "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, Беларустун ички аскерлерине “массалык башаламандыктарды жана коомдук тартип бузууларды басуу үчүн” аскердик жана атайын техниканы колдонууга ыйгарым укук берилген.

Ички аскерлерге окуя болгон аймактардагы абалды изилдөө учурунда курал-жарактарды сактоо жана алып жүрүү, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу укугу берилет.

"Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, конституциялык түзүлүштү, коопсуздукту жана Беларус республикасынын эгемендигин кылмыштуу жана башка топтордун кол салуусунан коргоодо аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ички аскерлердин ишинин натыйжалуулугун бир топ жогорулатат", - деп билдирди Республика кеңешинин эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сергей Рачков.

Парламенттин Эл өкүлдөр палатасы бул мыйзам долбоорун буга чейин жактырган.

Беларуста былтыр 9-августта болгон президенттик шайлоодон кийин массалык акциялар тутанган. Шайлоону өлкөнү 20 жылдан ашуун башкарган Лукашенконун жеңиши расмий жарыяланганы менен оппозиция анын отставкасын талап кылып, шайлоо бурмаланганын айтып чыккан. Күч түзүмдөрү демонстрацияга чыккандарга аёосуз мамиле кылган. Айрым активист, журналисттердин соту ушул күнгө чейин өтүп жатат.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияга кабылды, арасында журналисттер бар. Миңдей кылмыш иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости