www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нацизмди совет эли каармандыгы, эрки жана биримдиги менен жеңген. Бул туурасында Орусия президенти Владимир Путин Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык "Песни Победы" концертинин катышуучулары менен конокторуна кайрылуусунда айтканын Кремлдин сайты жазды.

"Биз өлкөбүздүн миңдеген жылдарды камтыган тарыхы менен сыймыктанабыз. Анда жалпы адамзатына таандык жана нравалык ири жетишкендиктерди өзүнө сыйдырган эмне деген гана окуялар болгон жок.

Бул жерде өзгөчө орунду нацизмди жок кылган Улуу Жеңиш ээлейт. Аны совет элинин кан-жанын аябай, баатырдык менен кармашкан эрктүүлүгү алып келди жана бул бүтүн дүйнөнүн таңгалдырды.

Болуп көрбөгөндөй бул эрдикти биз дайыма эстейбиз, жеңгендерге башыбызды ийип таазим этебиз. Алар өзүнүн жери үчүн канын төгүп, ошонусу менен Европа элине да эркиндик тартуулады", — деген Орусия лидери.

Путин биздин милдет аталардын, чоң аталардын кайраттуулугун көкүрөккө дайыма сактоо менен эле чектелбестен, ал окуялардагы чындыкты кийинки муундарга жеткирүүнүн мааниси зор экендигин баса белгилеген.

“Бул зор максатка жетүү жүгүн Жеңиш үчүн күрөшкөн ар бир адамдын ички туюмун, оюн, сезимин айтып берген ырлар, концерттер да көтөрүшү керек. Ал ырларда Мекенди коргоочуларга болгон айтып бүткүс урмат жана сый катылган", — деген ал.

Орусия лидеринин айтымында, кайсы мезгил болбосун эскирбей, касиетин, духун жоготпогон музыкалык бул чыгармалар бириктирүүчү эбегейсиз күчкө ээ, чыгармачылыкка, Орусиянын бакубаттуулугу үчүн кызмат кылган жаратмандыктарга үндөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости