www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирактын иммиграция жана миграция министри Иван Фаик Кабро, өлкөсүнүн расмий INA агенттигинде жарыяланган билдирүүсүндө Беларус-Польша чек арасындагы ирактыктар тууралуу маалымат берди.
Кабро министрликтин делегациясынын чек арада калган ирактыктар маселесин талкуулоо үчүн Польшага барганын билдирди.
Беларус-Польша чек арасында 4000ден ашуун ирактык бар экенин белгилеген Кабро, министрликтин иммигранттардын өлкөгө мажбурлап чыгарылышын эмес, өз ыктыяры менен кайтып келүүсүн жактаганын айтты.
Кабро, министрликтин мигранттар маселеси боюнча Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен байланышта экенин жана лагерлердеги ирактыктардын көбү кайтып келүүдөн баш тартканын белгиледи.
Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмет Саххаф, Беларустан ушул убакка чейин 3556 кишини Иракка алып кетишкенин жарыялады.
Европага эмиграция издеп Беларустан Польшага өтүүгө аракет кылган арасында ирактыктар да болгон миңдеген адамдар оор шарттарда 3 айга жакын чек арада күтүп турушат.
Эки өлкөнүн чек арасында күтүп тургандардан кеминде 10 киши суук аба ырайынан жана тамак-ашсыздыктан улам каза болгондугу айтылууда.
Булак: NazarNews.kg