www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-декабрда Ташкендеги Humo Arena комплексинде Орусиянын 6 тик-токеринин катышуусунда «Тик Ток Фест» шоу-концерттик программасы болот. Ага катышкан кенелер Аня Покров, Ваня Дмитриенко, Данья Милохин, Анет Сай, Артур Бабич, Егор Шип социалдык тармактарда чыгыштын баалуулуктарына жана тарбиясына карама-каршы келген кээ бир сөздөрү менен элдик маданият жана гомосексуализмди жайылткан.

Ошондуктан, бул шоу-программа коомчулуктун сынына кабылды. Көпчүлүк аталган шоуну уюштурууга Өзбекстандын Маданият министрлигин күнөөлөп жатышат. Өз кезегинде Маданият министрлиги билдирүү таратып, концертти уюштурууга, анын ичинде лицензия берүүгө катышпаганын айтып, уюштуруучуларды бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырды.

«Өзбекстан Республикасынын Президентинин №ПФ-6044 Жарлыгынын 2-тиркемесинин 32-пунктуна ылайык, концертке бир жолку уруксат Ички иштер министрлиги, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан берилет.

Анын негизинде жергиликтүү аткаруу бийлигинин алдында түзүлгөн түзүмдүн милдети концерттин деңгээлин, мазмунун, идеясын талдоо, спектакль боюнча акыркы корутундуларды берүү болуп саналат.

Ошондой эле, жогорудагыдай шоу-концерттерди уюштурууну Маданият министрлиги эмес, жеке ишкерлер жасайт.

Андыктан Маданият министрлиги «Tik Tok Fest» шоу-концерти боюнча бардык суроолорду жана сын-пикирлерди жогоруда аталган компетенттүү органдарга жөнөтүүнү сунуштайт.

Чынында эле Өзбекстандын аймагында өткөрүлүүчү ар кандай маданий-агартуу иш-чаралары, шоу-концерттер өзбек элинин улуттук менталитети, адеп-ахлактык тарбиясы, тарыхый бай маданияты, жаштардын дүйнө таанымы сыяктуу көрсөтүүлөрдү кабыл албайт.

Маданият министрлиги «Tik Tok Fest» шоу-концерти жаштардын аң-сезимине, дүйнө таанымына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Миңдеген жылдардан бери калыптанган, адамдык сапаттар менен адеп-ахлактык баалуулуктардын таасири астында калыптанган биздин тарбия да муну четке кагат», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

QALAMPIR.UZ сайтынын маалыматына караганда, 18-25-декабрь күндөрү Ташкенде Өзбекстандын жаштар форуму өтөт. Форумдун негизги уюштуруучулары – Жаштар иштери боюнча агенттик жана Ташкент шаарынын мэриясы. Жаштар форумунун акыркы күнүн чет элдиктердин идеяларына толгон «Тик Ток Фест» шоу-концерттик программасы менен аяктоо пландалып жатканы таң калыштуу эмес.

Эске сала кетсек, Батыш өзүнүн ыплас саясатын жүргүзүп келет. Буга чейин алар өздөрүнүн максаттарын Кыргызстанда ашырып, музейге чейин кирип барган. Ал көрүншүтү кыргыздын аттуу-баштуу айымы Роза Отунбаева элге искусство деп атап, сынга алынган.

Жакында өтө турган Ташкендеги көгүлтүрлөр аралашакан шоу концертти өзбек бийлиги өткөрөбү же жокпу күтө туралы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости