www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгым өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миллиард сомго өскөн.

Ушул жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 222,7 миллиард сом бөлүнгөн. Бул туурасында өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Бул сумманын 14,3 миллиарддан ашыгы тышкы карызды төлөөгө, ал эми калган 13,9 миллиарды ички карызга жумшалды.

Өткөн жылдын январь-ноябрь айларындагы төлөмдөр 24,7 миллиард сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 11 айында мамлекеттик карызды тейлөөгө мурдагы рекорддук көрсөткүчтү (30,7 млрд. сом) кошпогондо, башка жылдарга караганда көбүрөөк каражат кеткен. Мисалы, 2019-жылы 28,1 миллиард сомдон бир аз ашкан.

Октябрдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт миллиард 885,5 миллион долларды түзсө, анын төрт миллиард 165,6 миллион сому тышкы карызга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости