www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чымкент шаардык соту тергөө учурунда Нурболат Жумабаевдин каза болгонуна байланыштуу шектүү иретинде кармалган үч полициячыны эки айга камоо тууралуу санкция чыгарды.

Бул тууралуу маркумдун атасынын адвокаты Еркара Жумабаев билдирди.

Кылмыш кодексинин «Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү» беренеси менен шектүү иретинде кармалган шаардык полиция департаментинин криминалдык полиция башкармалыгын башчысынын орун басарлары – полковник Уалихан Жанибеков менен подполковник Даулет Аймешов жана Каратау райондук криминалдык полиция бөлүмүнүн башчысы Динмухамед Исаев эки айга камалды.

Нурболат Жумабаев 8-декабрда тергөө амалдары учурунда Чымкенттеги полиция департаментинде кайтыш болгон. Маркумдун туугандары аны өлтүрүп коюшкан деп эсептешет.

31 жаштагы Нурболат Жумабаев автоунааны уурдап айдап кетүү шеги менен кармалган.

11-декабрда Чымкент полиция департаментинин башчысы Ералы Жумаханбетов аны кармоо жана бөлүмгө жеткирүү учурунда физикалык күч колдонулганын тастыктаган.

Казакстан бийлиги полиция бөлүмдөрүндө жана түрмөдө катаал мамиле жасоо фактыларын өтө сейрек мойнуна алат. Нурболат Жумабаевдин өлүмүнөн кийин соцтармактардын колдонуучулары полиция башчысынын отставкасын талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости