www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкы кесиптик-техникалык билим берүү системасында саясаттын чараларын ишке ашыруунун жыйынтыгында Кыргызстанга 8 миллион долларлык бюджеттик колдоону бекитти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 16 саясий иш-чара өткөрүлдү.

Атап айтканда, кесиптик стандарттарга ылайык компетенттүүлүк негизде эксперименттик билим берүү программалары бекитилди; ишкердикти окутуунун модулу иштелип чыккан жана эксперименталдык билим берүү программаларына киргизилген; ендуруште окутуунун концепциясы иштелип чыкты жана бекитилди, ал эми тандалып алынган окуу жайларда пилоттук иш жургузулуп жатат.

Мындан тышкары, нормативдик (жан башына) каржылоо формуласы иштелип чыккан жана пилоттук колледждерде жана мугалимдерди өнүктүрүү программасы иштелип чыккан жана пилоттук түрдө ишке ашырылган, мында иштин негизги багыттары педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана даярдоо болуп саналат.

Ошондой эле региондук эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы бекитилди; тармактык өнөктөш иш берүүчүлөр менен пилоттук окуу жайларынын ортосунда өнөктөштүк келишимдери түзүлүп, ишке ашырылууда.

«Сегиз пилоттук колледжде окуу бөлмөлөрү жана жатаканалар реконструкцияланууда. Алар окуу жабдуулары, эмеректер жана компьютерлер менен камсыздалат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости