www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Коргоо министрлиги украин аскерлери бул өлкөнүн аба мейкиндигиндеги мамлекеттик чек араны бузду деген негизде 5-декабрда Украина элчилигинин аскер атташесине нааразылык нота тапшырды.

Расмий Минсктин билдиришинче, Украинанын Ми-8 тик учагы Новая Рудня кыштагынын аймагында чек арадан өтүп кеткен жана белорус аймагына бир чакырым аралыкка чейин кирип барган. Коргоо министрлиги “Украина Беларусту айыптап жаткан шартта чек арада аскердик машыгуу өткөрүүсү өлкөнүн түштүгүндө коркунуч жаратуунун белгиси катары кабылданышы мүмкүн” деп белгиледи.

Украинанын Чек ара кызматы чек ара тилкесинен өтпөгөнүн, ал жакта ноябрь айынан бери Жакынкы Чыгыштан барып азыр Беларуста топтолуп турган мыйзамсыз мигранттардын өтүп кетүүсүн алдын алуу максатында машыгуу өткөрүп жатканын билдирди.

Эки өлкө ортосундагы бул талаш Киев менен Минск ортосунда мамиле салкындап турган учурга туш келди. Украина Александр Лукашенкону “нааразылык акцияларын күчтөп басууда” деп айыптаса, расмий Минск украин бийлигин “Орусия менен чыр баштагысы келип жатат” деп күнөөлөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости