www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусияда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталды

Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталды, медиктер аны эпидемиологиялык процесстен улам божомолдошууда. Бул тууралуу РИА Новости Беларусиянын саламаттыкты сактоо министри Дмитрий Пиневичтин айтканына таянып жазды.

Басылма «Беларуска COVID-19дун төртүнчү толкуну келди», — деген Пиневичтин сөзүн келтирген.

Министр Беларусь медиктери аталган оорунун төртүнчү толкунун эртерээк жарыя кылды деп жатат.

«Эпидемиологиялык процесске ылайык, бул толкун келет жана ал Беларусияга жылдын бул мезгилине мүнөздүү болгон биздин классикалык эпидемиологиялык кырдаалга кошулат. Тилекке каршы, аба ырайы деле өзүнүн таасирин тийгизбейт. Андыктан ооруну кездештирип жатабыз», — деген министр.

Анын айтымына караганда, көйгөй өлкөдө ооругандар, ооруканага жаткандардын саны көбөйүп жаткандыгында. Пиневич анткен менен мында чукул кырдаал жоктугун, бирок абал саламаттык сактоо системасынан министрликтин ооруга каршы туруу планына жараша кынтыксыз иштөөнү талап кыларын айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы айткандарына таянсак, пандемия башталгандан тарта Беларуста 516 428 адам ооруп, 4004 бейтап көз жумду. Расмий статистика жыл башында республикада 9,35 миллион адам жашаарын билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости