www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пермь мамлекеттик университетинде болгон ок атуунун кесепетинен 18 жаштан 66 жашка чейинки алты адам каза болгонун Пермь крайынын Коопсуздук министрлиги «Telegram» каналында билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, алты адам студент Тимур Бекмансуровдун огунан каза болгондор:

1. Энгаус Маргарита Геннадиевна — 66 жашта;

2. Арамелев Ярослав Алексеевич — 19 жашта;

3. Самченко Ксения Павловна — 18 жашта;

4. Шакирова Екатерина Родомировна — 19 жашта;

5. Айгельдина Анна Александровна — 26 жашта;

6. Мохова Александра Юрьевна — 20 жашта.

Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда эртең менен юридикалык факультеттин студенти Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имараттарынын биринде ок чыгарган. Анын кесепетинен, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, алты адам каза болуп, 24 адам жаракат алган.

Кол салган адам кармоо учурунда жарадар болуп, ооруканага жаткырылды. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Каргашалуу окуяга байланыштуу Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин 21-сентябрды ок атуу учурунда каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости