www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер Украинанын Куралдуу күчтөрү Беларусь менен болгон мамлекеттик чек араны кесип өтсө, Беларусь жооп кайтаруу үчүн өзүндө бар бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды колдонот.
Бул тууралуу Беларусь тышкы иштер министринин орун басары Игорь Секрета Киев тараптан болушу мүмкүн болгон чабуулдарга байланыштуу билдирди.
«Эгер мамлекеттик чек ара уруксатсыз же агрессивдүү түрдө бузулса, биз колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды колдонуп жооп беребиз», - деп баса белгиледи Игорь Секрета.
Анын айтымында, бул тууралуу украин тарап да жакшы маалымдалган.
Белгилей кетсек, акыркы убактарда Беларусь өлкөсүн Орусия–Украина согушуна тартуу аракеттери тууралуу талкуулар барган сайын күчөп жатат.