www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Маалыматка ылайык, Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарында жайгашкан жалпы аянты 47,84 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жерлер 2006–2008-жылдар аралыгында жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы наркы 65 миллион сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тийиштүү органдар жер мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөрүн белгилешти.

Последние новости