www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуста 2024-жылдын июлунан бери мунапыс жарыялоонун негизинде 569 саясий туткун бошотулду. Ушул убакыт аралыгында 2025-жылы АКШнын ортомчулугу менен 342 адам мунапыска чыккан.
Ушул жылы мунапыс алган 189 саясий туткун өлкөдөн чыгарылган. Бирок саясатчы Николай Статкевич өлкөдөн чыгууга макул болбой, кайра колонияга кайтарылган.
Укук коргоочулар мындай “өлкөдөн чыгып кетүү шарты менен бошотуу” ыкмасын саясий басымдын жаңы куралы деп атап, Конституцияга каршы келерин белгилешет.
13-декабрда 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлери Мария Колесникова, Алес Беляцкий жана Виктор Бабарико эркиндикке чыккан. Алар 2021-2023-жылдары 10-14 жылга кесилген болчу.
Беларуста 2020-жылдагы шайлоодо оппозиция добуш берүүнү бурмалоо болуп, нааразылык күч менен басылган.
Президент Александр Лукашенко 1994-жылдан бери өлкөнү башкарат жана быйыл жетинчи жолу шайланган. Батыш өлкөлөрү аны мыйзамдуу лидер деп тааный элек.