www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр берүүнүн аба линиясын куруу» долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500кВ электр берүүнүн аба линиясын куруу» долбоору) долбоорлору каралып, жактырылды.

Долбоорлорду Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов тааныштырды. Анын айтымында, долбоор 3 компоненттен турат, жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт, анын ичинде 61,7 млн евро – кредит, 3 млн евро – грант жана 3 млн евро техникалык жардам катары берилүүчү грант. Кредит 20 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет, пайыздык чен жылына 1% түзөт.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов жаңы кубаттуулуктарды пайдаланууга берүү демилгесин колдоп, долбоордун аяктоо мөөнөттөрүн тактады. Баяндамачы белгилегендей, долбоордун алкагында курулуш иштерин 2028-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Ал эми эл өкүлү Гуля Кожокулова энергетика тармагындагы көйгөйлөргө көңүл буруп, электр энергиясын чектөөгө байланыштуу калк олуттуу кыйынчылыктарды тартып жатканын жүйө келтирди. Буга министрдин орун басары Эмилбек Ысманов Кыргыз Республикасы үч жылдын ичинде энергетикалык кризистен толук чыгарын билдирди. Андан тышкары депутат Темирлан Айтиев кредиттик макулдашуу долбоорунда каралган Euribor рыноктук пайыздык чени тууралуу кызыкты.

Последние новости