www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексине педофилия боюнча айыпталган адамдарды милдеттүү түрдө химиялык кастрациялоону караган түзөтүүлөрдү иштеп чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянуу менен "Наша Нива" басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, бул түзөтүү кылмыш үчүн түз жазалоо менен катар мажбурлоо чараларын колдонууну карай турганы айтылат.

Ошондой эле Башкы прокуратура "педофилияны дарылоо алгоритмин" анын ичинде химиялык кастрацияны колдонууну камтыган клиникалык протоколду иштеп чыгып, бекиткенин билдирди.

Өлкө башчысы Александр Лукашенко "ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүүгө" байланышкан маселелерди изилдөөгө карата төмөнкү демилгелерди колдоду.

- Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо;

- Жынысын алмаштыруу;

- Педофилия жана баласыздык үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилөө;

- Билим берүү процессине балдарды жана жаштарды сексуалдык тарбиялоо темасы боюнча милдеттүү курсту киргизүү;

- Мурда соттолгон адамдарга, анын ичинде электрондук билериктерди колдонууга көзөмөлдү күчөтүү.

Белгилей кетсек, Беларуста акыркы 5 жыл ичинде 3 500дөн ашык бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон.

Алибек Бейжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости