www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Африка өлкөлөрү менен бирге Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө даяр. Бул тууралуу 20-июнда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.

"Кытай украин кризисин саясий жактан жөнгө салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде африкалык өлкөлөр менен кызматташууга даяр", - деди ал.

Ошондой эле, кытай дипломаты санкциялар Украинадагы кризисти жөнгө салууга жардам бербей турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 17-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда Африка өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын делегациясы менен жолугуп, алардын украин чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу демилгесин талкуулаган. Ага чейин африкалык делегация Киевде болгон.

5-июнда Түштүк Африка Республикасында өлкөнүн президенти Сирил Рамафоса Египеттин, Сенегалдын, Уганданын, Замбиянын жана Комор аралдарынын жетекчилери менен жолугушкан. Анын жыйынтыгы боюнча африкалык лидерлер айдын ортосунда Орусия менен Украинага барууга даяр экендиктерин ырасташкан.

Буга чейин май айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Украина кризисин жөнгө салуу боюнча Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн сунуштарын кароого даяр экенин ырастаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости