www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-сентябрда Польшанын Чек ара кызматы Беларустан Польшага мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адамдын сөөгү табылганын билдирди. Алардын бирөө сууктан каза болушу мүмкүн экени кабарланды.

Ошол эле күнү чек арадан өтүүгө аракет кылып жатып сазга тыгылып калган дагы сегиз мигрантты Польшанын «Тез жардам» кызматы сактап калды.

Польшанын премьер -министри Матеуш Моравецкий үч кишинин каза болгонун тастыктап бирок алардын өлүмүнө эмне себеп болгонун айткан жок. Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн прокуратурасы бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Белгилей кетсек, Евробиримдикке мүчө Польша менен Литвага Беларустан барган мигранттар көп. Эки өлкө Жакынкы Чыгыштан келген мигранттардын агымын азайтуу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, зым менен тосуп жатат. Польша Беларус тараптан сентябрга чейин эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө 3800дөн ашуун аракет токтотулганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости