www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция жабырлануучунун арызынын негизинде ишти Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Чаламандын чак түшүндө үчөөлөп бир эркекти сабаган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

 

Анда Ысык-Ата районунун Ново-Павловка айылынын көчөлөрүнүн биринде коомдук транспорттон төрт эркек жакалашып түшүп жолдун боюнда мушташканын байкоого болот. Аларды жолдо өтүп бара жаткандар ажыратып калган. Жабырлануучу ошол эле күнү 10-сентябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

"Арыздануучу аны кошунасы балдары менен сабап, денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча катталып, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда", — деди милициядан.

Кошумчалай кетсек, сабалган жаран буга чейин да укук коргоо кызматкерлерине 2020-жылдын 18-июнунда жана 20-декабрында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, ички иштер бөлүмүнө арызданган. Анын бири курамында кылмыштын белгилери жок делип кыскартылса, экинчиси боюнча дагы эле тергөө жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости