www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ телефондук алдамчылардан сак болууга чакырат

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды телефон алдамчылардан сак болууга чакырат, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Анын маалыматына ылайык, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен пайда болгон көптөгөн позитивдүү көрүнүштөргө жанаша заманбап технологиялар мейкиндигинде жана аларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер өнүгүүдө.

Заманбап технологиядарды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири бул - коомчулукта “телефондук алдамчылык” аталышта белгилүү болгон алдамчылык кылмышы жана жоругу.

Телефондук алдамчылык - алдамчылык кылмышынын жана жоругунун заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң кеңири жайылган кылмыш.

Адатта телефондук алдамчылар өзүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн интернет мейкиндигин жана уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.

Телефондук алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:
- жарандарга ар кандай утуштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталары тууралуу маалымат берүүгө түртүү;

- жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып, кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.

Бүгүнкү күндө телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жазалган алдамчылык фактылары боюнча Нарын ОИИБге жарандардан жалпы үч арыз-даттануу түшүп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Нарын облусунун тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп, интернет мейкиндигинде тараган шектүү шилтемелерди (ссылка) жайылтпоого жана телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө (мисалы тууганынын атын жамынын, оор абалга түшкөндүгү жөнүндө билдирсе, дароо ал тууганына таандык номер менен байланышуу же анын жанында болушу мүмкүн болгон адамга чалып маалымат алуу) чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, милиция эгерде шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн СМС-билдирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102ге билдирип, далилдерди сактап калып өткөрүп берүүнү өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости