www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун геосасий жүрүштөрү

Беларусь президенти Александр Лукашенконун Батыш менен да, эң жакын стратегиялык өнөктөшү Россия менен да мамилеси ойдогудай эмес. Москва менен акыркы кезде көп түшүнбөстүктөр, талаш-тартыштар болуп кетти. Келишпестиктер мунай, газдын баасы, Россиянын базарына Беларусь товарларынын эркин кирүүсүнө жасалган тоскоолдуктарга байланыштуу чыккан.

Батыш болсо Лукашенкону “Европадагы акыркы диктатор” деп кыртышы сүйбөйт. Бирок Россиядан узасаң диктатор эмес, балакет болсоң да кызматташа беребиз деген кыйытмалары да бар. Бул АКШнын Беларусияга мунай сатуу аракетинен, дагы башка ишаараларынан байкалат.

Лукашенко Беларустун эгемендүүлүгүн тандады. Өзүнүн жеке башкаруусуна батыштан да, чыгыштан да кимдир-бирөөнүн кийлигишүүсүн каалабады. Ага жол бербеймин деп кесе айтты. Айтканын так аткарып жатат. Ошондон ар тараптан кысымга алынып, тепкиленип жатат.

Мына ушундай кыйчалыш жагдайда Александр Лукашенко таянар тоосу бар экенин дароо көрсөттү. Ал таянары дүйнөлүк экинчи (биринчи болуп калды деп көп айтылат) держава Кытай экенин так көрсөтүп, шайлоонун эртеси күнү, 10-августа Кытай инвестициясына салынып жаткан Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясына барды. Ал корпорацияда Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов жетекчилерден. Муну менен Лукашенко Россияга да, Батышка да “саламын айтты”. Айтмакчы, Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен Путинден мурун Кытай лидери Си Цзинпинь куттуктап үлгүргөн...

Кытайдын дүйнөлүк масштабдагы “Ситик групп”компаниясы куруп жаткан корпорация быйылкы жылдын соңунан тартып ишке кирмекчи. Жылына жүз миллиондогон доллар пайда алып келет. Бул корпорация бодо малдан тартып, балыкка чейин жем жасайт, андан ары агротармакка керектүү витамин, аминокислота, крахмал, глюкоза чыгарат. “Мындай өндүрүш дүйнөдө төрт өлкөдө гана бар. Бул космостон да жогору нерсе” деп Батька мактанууда...

Кытай Минскиде “Улуу таш” деген индустриалдык парк, автомобиль чыгаруучу заводдорду курган...

Айданбек Акматов, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости