www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин “бѳйрѳгүн алмаштырыш керек”, “бооруна тез арада операция жасатуу керек” деген мекендештерибизди жолуктуруп келгем. Ал эми бул жарыкты кѳрүп, жашоону таанууга кѳпүрѳ болгон кѳздү алмаштырууга аргасыз болгон бейтапты биринчи ирет кездештирип отурам. Болгондо да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, тепсе темир үзчүдѳй күчкѳ толуп келаткан жигиттин карегинин соолуп баратканы жүрѳк оорутат. Жашоонун жаркын түстѳрүн кѳрүүгѳ ашыгып, жакшылыктан үмүт кылып турган Белекке жардам берели, замандаш.
Белекке жардам берүүнү каалагандар үчүн 0705862702 элсом номери кызматта.
“Курсакта калган белекмин”
- Менин атым Белек, фамилиям Жолдошбеков. 2003-жылы жарыкка келгем. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынан болом. Аталган айылда чоң энем, агам үчѳѳбүз турабыз. Мал чарбачылыгы менен алекпиз. Мен бир ата, бир энеден жалгыз баламын. Апамдын курсагындагы кезимде атам бир тууган иниси менен жол кырсыгына кабылып, экѳѳ бирдей каза болуп калышыптыр. Ошентип, апам жаш кезинен кара жамынып, мени жарыкка алып келиптир. Мен бирге чыккандан кийин чоң апамдын колунда калыптырмын. Ушундай тагдырдан улам атымды Белек деп коюшкан экен. Чоң атам менен чоң апамдын колунда эркелеп ѳстүм. Апам менен кийин таанышып, учурашып жүрчүмүн. Апам кийинки жашоосунан эки балалуу болуп, тилекке каршы, оорудан улам эрте эле каза болуп калган.
“Таңда туруп эле кѳзүм кѳрбѳй калды”
- Мындан 3-4 жыл мурда кѳзүм кычышып калчу болгон. Анан жаш ага баштаганда Ат-Башынын дарыгерлерине алып барышты. Текшерип кѳрүп жайкы учурда кѳпчүлүктѳ болуучу аллергия деп аныкташып, тамчылатма дарыларды жазып берген. Айтылган дарыларды алып тамчылатып жүрдүм. Чындыгында, жардам берип, жакшы болуп калчумун. Ошол эле маалда кѳзүм соо адамдыкындай да болбой тынчымды алып турчу. Кѳзүмдү ачып-жума бергенимди, бир нерсени караганда жүлжүйтүп аларымды жакындарым да байкап “жаман адат таап алыптырсың, ташта” деп эскертишчү. Бирок аны олуттуу деле кабыл алган эмесмин. Кѳзүм тынчымды алган кезде тетрациклин майын сүйкѳп койчумун. Ошентип жүрүп бир ай мурун эле эртең менен турсам сол жак кѳзүм тунарып, эч нерсе кѳрбѳй калдым. Күзгүдѳн карансам карегим башкача болуп ѳзгѳрүп кетиптир.
Шашылыш доктурга барсак райондун дарыгерлери шаарга жазып берип, борборго текшерилүүгѳ келдим.
“Чанда бир кездешчү дарт экен”
- Шаарда атамдын бир тууган иниси жашайт. Жеңем токтоосуз ооруканага алып жѳнѳдү. Дарыгер текшерип кѳрүп абдан ѳкүнүү менен ѳтѳ кеч келгенибизди айтты. Кѳрсѳ, бул дарт менде эчак эле башталыптыр. Эрте кайрылганыбызда убак-убагы менен дарылап, ийне сайып, кѳрүүнү сактап калса болмок экен. Эми сол кѳзүмѳ “острый кератоконус”, оң кѳзүмѳ “кератоконус” деген аныктама коюлду. Дарыгер “Бул дарт кѳзгѳ суук тийгенден келип чыгат. Негизинен, кѳзгѳ суук тибейт деле. Ошондуктан бул дарт чанда гана кездешет. Анда да убактысында чара кѳрүп калса болот. Силер абдан кеч кайрылгансыңар. Эми биз ийне сайып тобокел кыла албайыз. Карек араң эле турат, жарылып кетиши мүмкүн”,- деди. Бул ушундай оору экен, карек формасын ѳзгѳртүп шуштуюп чогулат экен да, чегине жеткенде агып түшүп калат экен. Азыр сол кѳзүм ушул абалда, оң кѳзүмѳ да ѳткѳн экен, бул кѳзүмдүн кѳрүүсү да начарлап баратат.
“Тез арада кѳзүмдү алмаштыруу керек”
- Ооруканада беш күн жаттым. Бирок жогоруда айткандай биздин дарыгерлер бул ооруга күчү жетпей калганын билдирип чет жактан операция кылдырууну сунушташты. Кѳздү алмаштыруу операциясын Түркияда жана Новосибирскте жасашат экен. Дарыгер кечиктирүүсүз тез арада операция кылдыруу керектигин катуу эскертти. Тактап айтканда, сол кѳзүмдү такыр эле алып салып, башка кѳз салдыруу керек. Агам, жеңемдер шашылып айтылган жактарга байланышып такташты да, Түркияга барууга токтолушту. Дарыланууга бир айдай убакыт кетет экен. Бул арадагы эки кишинин жашоосу, жол кире болуп отуруп жалпысынан он миң доллар керек болорун билдик. Дарыгер айым “колуңардан келсе акчаны ашыгы менен ала барып оң кѳзүн да дарылата келгиле. Азырынча ал кѳзү жакшы, чел кабыгын алмаштыртып алсаңар кийинкиси коопсуз болот” деди.
“Жаш күнүмдѳ сокур болуп калуудан корком”
- Быйыл 11-классмын. Минтип ооруп калуу такыр оюма келген эмес. Албетте, мен үчүн баары оор болуп жатат. Кѳздүн оорусу ушунчалык катуу болорун билген эмесмин. Мендеги аныктама менен майыптыкка чыгышым керек экен. Азыр доктур оор кѳтѳрүүгѳ, кѳзгѳ күч келтирип бир нерсе кароого, анын ичинде телефон кароого тыюу салды. Эми минтип операцияга шаштырып жатканы да чочулатат. Жаш күнүмдѳн сокур болуп калуудан корком. Агаларым бири “унаамды сатам” десе, бири малын сатып, дагы бири чогултканын мен үчүн жумшап жатышат. Тилекке каршы, ошондон кийин да белгиленген сумманын теңинен кѳбү жетпей жатат. Анан элге кайрылууга туура келди. Кайрымдуу адамдар кол сунуп дартым мындан да ѳтүшүп кете электе операцияга жѳнѳп кетсем экен. Бирѳѳнүн кѳзү менен болсо да кѳрүп калсам абдан кубанат элем. Мени кенедейимден баккан апама кызмат кылып, мен үчүн тынчсызданып жаткан агаларымдын эмгегин актагым келет. Азыр деле айлананы жакшылап карап, эмнени болсо да дааналап кѳргүм келет. Бирок кѳзүм ачышып, кабагымды ачтырбай ооруп кетет. Дарыгер айткандай, операция тез арада бүтсѳ мунун баары артта калат да деп жатам.
Булак: Леди.кж