www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

BELES долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Урмат Дүйшеев долбоор тууралуу расмий түшүндүрмө берди. Ал анда долбоор жабылбаганын, убактылуу токтотулганын билдирди. Ошондой эле Дүйшеев президент менен мамлекетке жасалган дооматтар курулай болбошу керектигин белгилеген.

“Акыркы күндөрү коомчулукта BELES долбоору тууралуу президент менен мамлекетке доомат арткан, эмоцияга алдырган жана так эмес маалыматтар тарап жатат. Мен компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары (50% үлүшкө ээ) бул маселени тактоо зарыл деп эсептейм.

Чынында эле биз башында автобустарды чогултуп, өндүрүштү жолго коюуну пландаганбыз. Бирок, иш процессинде бизге тиешелүү мамлекеттик органдар жана адистер тарабынан олуттуу кемчиликтер көрсөтүлүп берилген. Анда эл аралык стандарттарга жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жөн гана автобусту чогултуу эмес, аны туура тейлөө, кепилдик берүү жана керектүү инфраструктура жок экендиги тууралуу маселелер аныкталган.

Мындай терең анализдин натыйжасында бул эскертүүлөрдү жоюу үчүн кошумча инвестициялар талап кылынары белгилүү болгон. Биринчи этапта салынган инвестициялык каражаттар жумшалып кеткендиктен, учурдагы шартта долбоорду андан ары өнүктүрүү каржылык жактан мүмкүн болбой калган. Мына ушул себептерден улам долбоор убактылуу токтотулган.

Өзгөчө баса белгилей кетүүчү жагдай, президент да, мамлекеттик органдар да BELES автобустарын сатып алуу боюнча эч кандай юридикалык же каржылык милдеттенмелерди алган эмес. Мамлекет тарабынан “аткарылбай калган убада” тууралуу айтылып жаткан дооматтар чындыкка дал келбейт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мамлекеттик буйрутма берилген күндө да компания объективдүү себептерден улам автобустарды колдонуудагы техникалык жана сервистик талаптарга толук жооп берген деңгээлде чыгарууга жана тейлөөгө даяр эмес болмок.

Биз мамлекетти да, коомчулукту да адаштырбоо үчүн төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик. Азыркы тапта негиздөөчү катары долбоорду кайра карап чыгуу, аны модернизациялоо жана керектүү стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча мүмкүн болгон варианттарды карап жатабыз. Ошондон кийин кийинки чечимдерибиз кабыл алынат.

BELES долбоору жабылган жок. Ал кайрадан ойлонуу жана талдоо баскычында турат. Биз үчүн маселени саясатташтырбай, фактыларды бурмалабай, чындыкты айтуу жана кесипкөйлүк деңгээлде сүйлөө маанилүү”,-деп билдирген ал.

Последние новости